Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:00

"Азаттыктын" каарманы Германияга акысыз окууга жөнөтүлөт


Бекзат Жолдубай уулу.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Азаттык" радиосунун каарманы, Орусияда миграцияда жүргөн Бекзат Жолдубай уулун чет өлкөгө окууга жибере турганын билдирди.

Бул тууралуу "Фейсбукка" жазып, кыргызстандыктарды башка мамлекеттерге окууга жөнөтүүчү долбоорлорду ишке ашырып жүргөн Нурсултан Кубанов менен ушундай чечимге келишкенин маалымдады.

Ушундай эле кабарды Нурсултан Кубанов жазып, Бекзат Германияга окууга жиберилерин кабарлады.

24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу Москвада тамак ташып иштейт. Ал 2019-жылдын декабрь айынын башында москвалык белгилүү блогер Алексей Кузьминдин сынагында 20 миң рубль утушка ээ болгон. Анын «акчаны айылдагы ата-энеме жиберем» деп чын жүрөктөн айткан жообуна Интернет колдонуучулар ыраазы болушкан.

"Азаттык" Бекзат тууралуу видеобаянды 31-декабрда жарыялаган.


Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG