Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Орусия Беларуска чийки мунай жөнөтпөй калды


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусия 1-январдан тарта Беларус нефти заводдорун чийки мунай менен камсыздоону токтотту. Бул маалыматты Беларустун түндүгүндөгү Новополоцк шаарында жайгашкан мунай иштетүүчү заводдун өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна ырасташты.

Алардын айтымында, учурда Беларустагы заводдор өткөн жылы жеткирилген чийки мунайды иштетип жатышат.

Орусиянын мунай өткөрүү системасын тейлеген "Транснефть" ишканасы Беларуска мунай жөнөтүү тапшырмасы жок экенин, бирок Беларус аркылуу башка өлкөлөргө мунай үзгүлтүксүз берилип жатканын билдирди.

Москва менен Минскинин ортосундагы мунай келишиминин мөөнөтү 1-январда аяктаган. Эки тарап жаңы макулдашуу боюнча мунаса таба алган эмес.

Адистердин айтымында, Беларус бийлиги Орусиядан импорттолгон чийки мунайдын баасын арзандатууну талап кылып, болбосо башка жолдорду караштыра турганын билдирип келет. Москва болсо Минскинин талабына көнбөй жатат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мунай маселесинде эки өлкө макулдаша албай жатканын ырастап, бирок сүйлөшүүлөр улана турганын айтты.

Беларус Советтер Союзу ыдырагандан бери экономикасын кармап туруу үчүн Москванын арзан мунайы менен субсидияларына муктаж.

XS
SM
MD
LG