Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:32

Трамп: Сулеймани согушту токтотуш үчүн өлтүрүлдү


Касем Сулейманинин сүрөтү. 03.01.2020

АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Ирандын элиталык атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулейманини “Согуш башташ үчүн эмес, согушту токтотуш үчүн” өлтүргөнүн билдирди.

Бул тууралуу Трамп 3-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Пентагондун расмий маалыматына караганда, генерал Касем Сулеймани жума күнү Багдад шаарында Трамптын буйругу боюнча авиасокку менен өлтүрүлдү.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөрдү "кылмышкер" деп атап, аларга "жооп кайтарыла турганын" эскертти.

Ал АКШнын соңку кадамы иран элин Вашингтондун саясатына каршы турууга "эки эсе шыктандырарын" баса белгиледи.

Сулеймани Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүнүн командири болгон. Бул уюм чет өлкөлөрдө жашыруун аскердик операцияларды уюштуруу менен алектенет жана соңку 20 жылда Жакынкы Чыгыштагы таасирдүү оюнчу болгон. Генерал Ирак жана Сириядагы согуштардын "башкы архитектору" деп саналчу. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG