Орусия Беларустун мунайды кайра иштетүү заводдоруна чийки зат жөнөтүүнү токтотту. Новополоцак шаарында жайгашкан ишкананын өкүлдөрү “Азаттыктын” беларус кызматына билдиргенине караганда, буга мунайдын баасы боюнча мунаса табылбай койгону себеп болду.
1-январдан бери Орусиядан мунай келбей жатканын айткан ишкана өкүлдөрү учурда ага чейинки запас менен иштеп жатканын билдиришти.
Эки өлкө ортосундагы интеграция маселесинде Москванын басымы күчөгөнүн айткан белорус тарап мунайдын баасына байланыштуу орус бийлиги менен буга чейин бир нече жолу пикир келишпестикке туш болгон.
Беларус Советтер Союзу ыдырагандан бери мамлекеттин чектөөлөрүнөн бошоно албай келе жаткан экономикасын кармап туруш үчүн Москванын арзан мунайы менен субсидияларына муктаж. Ошол эле учурда ал орус энергоресурстарын Европага жеткирүү жолундагы негизги транзиттик аймак болуп эсептелет.
Москва менен Минск 1999-жылы орток союздук мамлекет түзүү жөнүндө келишим кабыл алышкан, бирок андан бери олуттуу прогресс байкала элек. (RK)