Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү долбоору иштелип чыгат


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Кыргызстанда өкмөт быйылкы жылы жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү боюнча документтин долбоорун иштеп чыкканы жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле жыл башында 40тан ашык долбоор парламенттин кароосуна сунушталат.

Былтыр өкмөт жазык мыйзамдарын өркүндөтүү максатында 33 мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

2019-жылы Кыргызстанда соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы жазык мыйзамдары күчүнө кирген.

«Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму, пробация институту иштей баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG