Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Тамакка ууланган 16 адам тууралуу маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Жайыл районунда Жаңы жылды тоскон күнү тамакка уулангандардын баары медициналык жардам алып, үйүнө коё берилген. Бул тууралуу 4-январда “Азаттык” радиосуна Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан жардам сурап 16 адам кайрылган. Беш жашар кыз ооруканада калтырылып, калгандары үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кыз ооруканадан эртеси күнү чыккан. Абалын доктурлар канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат.

“Анализдер алынды. Териштирүү жүрүп жатат. Ботулизм эмес, тамакка уулануу” деп билдирди министрлик. (RK)

XS
SM
MD
LG