Ирактын борбор шаары Багдадда бүгүн миңдеген адам чогулуп, АКШ армиясынын чабуулунан каза тапкан ирандык генерал менен коштошуп жатышат. Жөө жүрүшкө Ирактын премьер-министри Адил Абдул-Махди да катышты.
Ирандын элиталык атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулеймани жана дагы бир нече адам жума күнү Багдад шаарында америкалык аскерлердин авиасоккусу менен өлтүрүлгөнүн Пентагон расмий тастыктады.
АКШ президенти Дональд Трампал ал “Согуш башташ үчүн эмес, согушту токтотуш үчүн” жок кылынганын билдирди.
Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөрдү "кылмышкер" деп атап, аларга "жооп кайтарыла турганын" эскертти.
Ирандын БУУдагы элчиси Мажид Тахт Раванчи бул окуяны “АКШнын Иран элине карата согуш актысы” деп атап, жооп кайтарыларын эскертти.
АКШ генерал Сулейманини Ирак жана Сириядагы согуштардын "башкы архитектору" деп эсептейт.
Маркумдун сөөгү 7-январда Иранда, өзү туулуп-өскөн Керман шаарында жерге берилет. (RK)