Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Депутат Бекешев: Мага ашыкча сумма жазган салыкчы жоопко тартылышы керек


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев салык кызматкерлери анын документтерин туура эмес толтуруп койгону үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” жеке баракчасына жазды.

“Өзүмдүн актыгымды далилдеш үчүн документтерди чогулттум. Салыкчылар мага ашыкча сумма жазып коюп, декларацияны прокуратурага жөнөтүшүптүр. Ошол салыкчыларды жоопко тартууну суранам” деп билдирди Бекешев 4-январда.

Буга чейин Бекешев Башкы прокуратура анын салык декларациясын текшере баштаганын билдирген.

Башкы прокуратура жана Салык кызматы депутаттын билдирүүлөрү боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Бекешев 2010-жылы “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы өзүнүн командасы менен “Ак-Ниет” партиясын негиздеген. 2015-жылы “Ак-Ниеттин” лидерлигинен баш тартып, Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке шайланган.

Ал парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү.

Депутат буга чейин өкмөттү, бийлик өкүлдөрүн сындаган бир катар билдирүүлөрдү жасаган. (RK)

XS
SM
MD
LG