Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Франция: Көчөдөгүлөргө кол салган адам оорулуу экени аныкталды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Францияда көчөдө адамдарга бычак менен кол салган адам психикалык жактан оорулуу болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн прокуратурасы билдирди.

Жума күнү ал Париждин чет жакасында паркта сейилдеп жүргөн адамдарга кол салган. Бир адам каза таап, үчөө жараат алды.

Кылмышка шектүү адамды полиция ошол жерден атып өлтүргөн.

Күч түзүмдөрү азырынча бул окуяны террордук акт деп атай элек.

Францияда 2015-жылы террордук чабуулдан 250 адам жашоо менен кош айтышкан. Ошондон бери өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG