АКШ президенти Дональд Трамп эгер Тегеран каршы чабуул жасай турган болсо Ирандын 52 объектисине сокку уруларын эскертти.
«Эскертүү болсун. Эгер Иран америкалыктарга жана америкалык объектилерге каршы сокку ура турган болсо биз Иранда көп жыл мурда барымтага алынган 52 адамдын символу катары ирандык 52 объектини бутага алабыз», деп жазды Трамп «Твиттердеги» баракчасына.
Трамп белгилегендей, «бутага алына турган объектилердин деңгээли өтө жогору жана алар Иран үчүн, Ирандын маданияты үчүн маанилүү».
Ирандын тандалма атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулеймани жана дагы бир нече адам жума күнү Багдад шаарында америкалык аскерлердин авиасоккусунан улам өлтүрүлгөнүн Пентагон расмий тастыктады.
Трамп ал «согуш башташ үчүн эмес, согушту токтотуш үчүн» жок кылынганын билдирди.
Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөрдү «кылмышкер» деп атап, аларга «жооп кайтарыла турганын» эскертти.
АКШ генерал Сулейманини Ирак жана Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.
Маркумдун сөөгү 7-январда Иранда, өзү туулуп-өскөн Керман шаарында жерге берилет.
1979-жылы ирандык студенттер тобу АКШнын Ирандагы элчилигинде иштеген 52 кызматкерди барымтага алган. Алар 1981-жылы гана кое берилген. (RK)