Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:07

Вучич Черногорияга пландалган сапарын токтотту


Александр Вучич.
Александр Вучич.

Сербия президенти Александр Вучич Черногорияга пландалган сапарын бул өлкөдөгү диний укуктар тууралуу жаңы мыйзамдын тегерегиндеги талаш-тартыштан улам токтотту.

- Мен барбай турган болдум. Бул чечим серб патриархы Ириней менен макулдашылды. Биз алардын эгемендигин урматтайбыз, - деди Вучич 4-январда Белграддагы басма сөз жыйынында.

Вучич 7-январда православдардын Рождество майрамына карата Черногориядагы серб чиркөөлөрүнө барганы жаткан.

Бирок черногориялык бийлик өкүлдөрү анын сапары бул чакан мамлекеттеги чыңалууну ого бетер курчутарын айтып жатышат.

Серб православ чиркөөсүнүн укуктарын чектеген мыйзам Черногорияда 27-декабрга караган түнү кабыл алынган. Бул документ оппозициялык депутаттардын баарын полиция кармап кеткенден кийин каралды.

Майрам күндөрүнө карабастан Черногориянын айрым шаарларында нааразылык акциялары дагы эле уланууда.

Өлкө президенти Мило Жуканович серб православ чиркөөсүн «өлкөдө диний монополия орнотууга аракет кылып жатат» деп айыптаган болчу.

Жаңы мыйзамга ылайык, Черногориядагы серб православ чиркөөсү ыйык деп эсептелген 650 жайынан ажыратылат. (RK)

XS
SM
MD
LG