Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Өзбекстан Тажикстан менен чек арасын минадан тазалап бүттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Тажикстан менен чек арасын минадан тазалап бүттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы «Asia-Plus» маалымат сайтына таянып жазды.

Минадан тазалоо иштерин өзбек тарап өз каражатына жана өз күчү менен жүргүзгөнү кабарланды.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 2018-жылы Тажикстанга алгачкы мамлекеттик сапар менен барганда эки өлкө 2019-жылдын аягына чейин жалпы чек ара тилкесин минадан тазалоону макулдашкан.

Өзбекстан Тажикстан менен чектешкен тилкедеги тоолуу аймактарына өткөн кылымдын 90-жылдарынын акырында мина койгон. Расмий Ташкент муну өз аймагына «Өзбекстандын ислам кыймылы» уюмунун согушкерлерин өткөрбөө аракети менен түшүндүргөн.

Тажикстандын Мина маселелери боюнча улуттук борборунун маалыматына караганда, соңку 20 жыл ичинде 800дөн ашуун тажик жараны минадан жабыркады. (RK)

XS
SM
MD
LG