Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Иранда генерал Сулеймани менен коштошуу акциялары уланууда


Иран. 4-январь, 2020-жыл.
Иран. 4-январь, 2020-жыл.

Ирандын түштүк-батышында жайгашкан Ахваз шаарында бүгүн түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгып, маркум генерал Касем Сулеймани менен коштошуп жатышат.

Мамлекеттик телеканал түз эфирден көрсөткөн видеодон кара кийинген адамдар анын сүрөтүн көтөрүп жөө жүрүшкө чыкканын көрүүгө болот.

Ирандын тандалма атайын аскер бөлүгүнүн башчысы Касем Сулеймани жана дагы бир нече адам жума күнү Багдад шаарында америкалык аскерлердин авиа соккусунан улам өлтүрүлгөнүн Пентагон расмий тастыктады.

Трамп ал «согуш башташ үчүн эмес, согушту токтотуш үчүн» жок кылынганын билдирген.

Ирандын жогорку лидери аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөрдү «кылмышкер» деп атап, аларга «жооп кайтарыла турганын» эскерткен.

АКШ генерал Сулейманини Ирак жана Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.

Маркумдун сөөгү 7-январда Иранда, өзү туулуп-өскөн Керман шаарында жерге берилет. Ага чейин коштошуу иш-чаралары Мешхед жана Тегеран шаарларында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG