Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Францияда полиция демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ колдонду


Париж.
Париж.

Францияда полиция пенсия системасын реформалоого нааразы болуп жаткан демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Күч кызматкерлери менен кагылышуу 4-январда Париждин эл көп топтолгон Түндүк жана Чыгыш вокзалдарында болду.

Францияда нааразылык акциялары бир нече айдан бери токтобой жатат.

Президент Эммануэл Макрон мамлекетте универсал пенсия системасын киргизүүнү каалайт. Эгер ал ишке ашса, ири жөлөкпул менен мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга тыюу салынат.

Кесиптик кошуундар «бул кадам миллиондогон адамдарды пенсия курагында да иштөөгө же кыскартылган пенсияга көнүүгө мажбурлайт» деп жатышат. Франциялыктар 62 жашынан пенсияга чыгат. (RK)

XS
SM
MD
LG