Хорватияда бүгүн келерки беш жылга мамлекет башчыны шайлоонун экинчи туру өтүп жатат.
Экинчи турга чыккан эки талапкердин бири азыркы президент, башкаруучу «Хорватиянын демократиялык биримдиги» партиясынан Колинда Грабар-Китарович, экинчиси – оппозициялык «Социал-демократиялык партиянын» өкүлү, мурдагы премьер-министр Зоран Миланович.
Былтыр 22-декабрда өткөн биринчи турда Миланович 29,55% добуш алган, ал эми азыркы мамлекет башчысы Грабар-Китаровичке 26,65% тийген. (RK)