Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Ошто биринчи ирет жол тандабастар жарышы уюштурулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарына жакын Төлөйкөн айылында 4-январда жол тандабас автоунаалардын жарышы өттү. Анда темир тулпар ышкыбоздору спорт жана стандарт категориясында таймашты.

«Off road» жарышын Ош шаарында «Барс» авто сүйүүчүлөр клубу алгачкы жолу өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, таймаш калаа тургундарын жигердүү жашоо образына үндөйт. Ага 1000ге чукул көрөрман чогулуп, жалпысынан 27 автоунаа катышты.

Аталган клубдун жетекчиси Жоомарт Мамытов «Азаттыка» иш-чаранын катышуучулары адырлар менен тоолордо унааларын сынап, темир тулпарлардын чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн коомго көрсөтүп бергиси келгенин түшүндүрдү.

«Тажикстандын Мургабынан эки машине келди. Биринчи орунду алгандар 10 миң сомдон акчалай сыйлык жана кубокторду алышты. Апрель айларында дагы уюштуралы деп жатабыз», - деди Мамытов.

2018-жылы жай айларында Ош шаарында биринчи жолу кыска аралыкка чуркоо боюнча «Ош деми 2019» деген аталышта массалык чуркоо уюштурулган. Анда жөө күлүктөр 3 чакырымдан 10 чакырымга чейин чуркап, 600гө чукул адам катышкан. (DU)

XS
SM
MD
LG