Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:16

Белгилүү орусиялык онколог Андрей Павленко дүйнөдөн кайтты


Андрей Павленко.
Андрей Павленко.

Санкт-Петербургда белгилүү орусиялык хирург жана онколог дарыгер Андрей Павленко көз жумду.

Соңку тогуз айдан бери ашказандын өсмө илдети менен күрөшкөн дарыгер онкологиялык ооруларды дарылоо тууралуу блог жазып, операция жасап, бейтаптарга кеңеш берип келди.

1-январда ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу онкологиялык дартка чалдыккандарга кайрылып, өмүрү аяктап баратканын, бирок мындай диагноз менен айыгып кетсе да болорун айтып, ошондуктан күрөштү уланта берүүгө чакырган.

Андрей Павленко Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Жогорку медициналык технологиялар клиникасында директордун орун басары болуп иштеп жаткан.

Ал 41 жашта болчу. Артында жубайы жана үч баласы калды. (RK)

XS
SM
MD
LG