Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди 3-январда кабыл алганда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө маселесин талкуулады.
Жээнбеков ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтык жылынын алкагындагы иштерге да кызыкты.
Расмий маалыматка караганда, мамлекет башчы аталган иш-чараларга көңүл бурарын жана көзөмөлүндө болорун белгиледи.
2020-жылды Кыргызстан менен Орусиянын өнөктөштүк жылы деп жарыялоо тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 2019-жылдын мартында Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде макулдашылган. (SE)