Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Ирак парламенти чет өлкөлүк аскерлерди чыгарууну колдоду


Ирак парламенти.
Ирак парламенти.

Иракта парламент «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы түзүлгөн коалиция менен макулдашууну токтотууну жана чет өлкөлүк аскерлердин баарын өлкөдөн чыгарууну колдогон резолюция кабыл алды. Буга Багдаддагы эл аралык аэропорттун жанында Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани аба соккусунан өлтүрүлгөнү негиз болду.

Анын алдында ушундай сунуш менен парламентке премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адил Абдул Махди кайрылган болчу. Ал муну АКШ баштаган бир катар мамлекеттер менен алакка-катышты кайрадан карап чыгш үчүн зарыл деп негиздеген. Ирак өз аймагында Касем Сулеймани өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Кошмо Штаттарды «өлкө эгемендигине шек келтирди, ички ишке кийлигишти, эл аралык мыйзамдарды жана номараларды бузду» деп айыптаган.

Мунун алдында Багдадда мамлекеттик мекемелер жана дипломатиялык өкулчүлүктөрдүн имараты жайгашкан «жашыл аймакка» ракеталык чабуул коюлду. Бир ракета АКШнын элчилиги жайгашкан жерге жакын тийди. Полиция анда эч ким жабыркабаганын билдирди. Ракеталык чабуул ошондой эле Багдадды Жадрия районуна да коюлду. Анда беш киши жарадар болду, ажал тапкандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Шаарда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманини жок кылган АКШга каршы да, Тегеранды колдобогондордун, башка өлкөнүн ички ишине кийлигишет деп айыптагандардын да нааразылык акциялары токтой элек.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан мерт болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

АКШнын армиясы бул операция үчүн жоопкерчилик алып, аны «коргонуу» максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирген.

62 жаштагы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу Иранда үч күндүк аза күтүү жарыяланган жана Тегеран АКШга жооп кайтара турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG