Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Орусиялык журналист Грузиядан башпаанек сурады


Юрий Изотов.
Юрий Изотов.

Орусиялык журналист Юрий Изотов саясий башпаанек сурап Грузиянын бийлигине кайрылды. «Крым.реалии» кабарлагандай, журналист өзүнө каршы кылмыш ишинен кооптонуп турганын айтууда.

«Жайында митингге чыккандарга каршы иштеген күч органдары жөнүндө менин социалдык тармактарда жазган пикирлерим үчүн мага карата тергөөгө чейинки текшерүү өткөрүштү. Текшерүү «кылмыш иши козголбойт» деген негизде аяктаганы менен мага каалаган учурда айып коюп, издөөгө алышарын жакшы түшүнөм», - деди Изотов.

Мурда Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттерине каршы акцияларга катышкан Изотов өзү мамлекеттен 2016-жылы чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG