Кенияда америкалык аскерлер жайгашкан аскердик-деңиз базасына 5-январда «Аш-Шабаб» радикал исламчыл кыймылы чабуул койду. «Associated Press» агенттиги кениялык аскерлерге таянып кабарлагандай, кол салган тараптан төрт киши жок кылынды. Америкалык же кениялык күчтөрдөн курмандыктар бар-жогу тууралуу маалымат бериле элек. Басылма базадагы тиреш уланып жатканын жазды.
Кенияда жана Сомалиде буга чейин болгон бир канча террордук аракеттер үчүн жоопкерчилик алган «Аш-Шабаб» кыймылы - аймактагы белгилүү радикал топтордун бири. Базага кол салуу аталган кыймылдын америкалык аскерлерге каршы алгачкы соккусу экени айтылууда.