2020-жылдан тартып Нидерланд «Голландия» деген аталыштан расмий түрдө баш тартканы жарыяланды. Муну менен бийлик баш айлантуудан арылууну көздөп жатканын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Мындан ары «Голландия» деген аталыш мамлекеттин расмий эн белгилеринде колдонулбайт. Компаниялар, элчиликтер жана башка бардык мекеме-ишканалар аны өзгөртөт.
Андан тышкары, өлкөнүн символу болуп саналган кызгылт жоогазын да алмаштырылат. Мындан ары Нидерланддын символун өлкө аталышындагы эки тамга «N» жана «L» түзөт. Бул тамгалар символикалык түрдө жоогазын элесин берери айтылууда.
Мамлекеттин жаңы логотиби Нидерланд телерадиокорпорациясынын сайтында жарыяланды. 2020-жылы Роттердамда өтчү «Eurovision» сынагында жана Токиодогу Олимпиадада ушул жаңы бренд колдонулат.
Голландия - Нидерланддын түндүгүндөгү аймак. Нидерланд падышачылыгын Голландия деп атоого буга чейин башка аймактардагы тургундар нааразы болуп келишкен.
Мамлекеттин мурдагы логотибинде кызгыл жоогазын жана «Голландия» деген жазуу болгон.