Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Жалал-Абадда жол эрежесин бузган судьяга карата айып кагаздары толтурулду


Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 29-декабрь, 2019-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 29-декабрь, 2019-жыл.

29-декабрдын түнүндө мас абалында бара жатып жол кырсыгына кабылган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясына карата протокол толтурулду. Жалал-Абад облустук жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү «Азаттыкка» билдиргендей, Элмира Сулайманованын үстүнөн Тартип бузуу кодексинин «Транспорт каражаттарын документи жок айдоо», «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» жана «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкарышы» беренелери боюнча протокол түзүлгөн.

«29-декабрдан 30-декабрга караган түнү жергиликтүү телеканал менен бирге атайын рейд уюштурулган. Анда «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаа «Нексия» унаасын сүзүп алган. Текшерүү учурунда «Тойота» машинесинин айдоочусу Элмира Сулайманованын жанында документтери жок, мас абалда айдап бара жатканы аныкталган. Натыйжада Сулайманованын машинеси токтоочу жайга киргизилип, айып салынган», - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы Элмира Сулайманова Жалал-Абад шаардык соттун судьясы экендигин айтып, бирок окуя боюнча азырынча комментарий бере албай турганын билдирди.

Социалдык тармактарда судьянын бул аракети сынга кабылып, талкуу жаратты. Интернетте тараган видео материалдарда «Нексия» машинесин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен «Тойота» унаасынын айдоочусун жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери артынан кууп кармашкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG