Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Кумтөрдө жоголгон жумушчуларды издөө уланууда


Кумтөр. Жер көчкөн аймак.
Кумтөр. Жер көчкөн аймак.

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки жумушчуну издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, учурда кырсык болгон жерде 100гө жакын куткаруучу жана 51 оор техника иштеп жатат. Буга чейин жумушчулар түштү деген автоунаа табылган. Бирок жумушчулар жок болуп чыккан.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевди таппай калышкан. Андан бери жумушчуларды издөөдөн майнап чыга элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кендеги көчкөн жер катмарынын жалпы көлөмү 12 млн. 825 миң куб метр экенин билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште айрым депутаттар Кумтөр кенинде жоголгон эки жумушчуну издөө иштери жай жүрүп жатканын айтып, зарыл болсо коңшу мамлекеттерден жардам суроону сунуш кылган. Президент Сооронбай Жээнбеков болсо бул маселе жеке көзөмөлүндө экенин билдирген болчу. (KS/BkA)

XS
SM
MD
LG