Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд. 417 млн. долларды түздү


Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда.

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 миллион долларды түздү. Бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Абдыгулов Улуттук банктын буга чейинки ишинин жыйынтыгы жана пландар жөнүндө маалымат берген. Абдыгуловдун айтымында, акыркы жылы өлкөдөгү банк системасынын активдери 25 миллиард сомго же 11% көбөйгөн.

Улуттук банктын башчысы «Керемет» банкы аркылуу бюджеттик кызматкерлерге 1 миллиард 54 миллион сомго турак жай алуу үчүн насыя бергенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков төлөм системаларын, санариптик валютаны жөнгө салуу жаатында мыйзамдарды жакшыртууну жана финансы тармагында заманбап технологияларды киргизүүнү тапшырган. (BKA)

XS
SM
MD
LG