Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Хорватияда солчул талапкер президенттик шайлоодо жеңди


Зоран Миланович. Загреб, 5-январь, 2020-жыл.
Зоран Миланович. Загреб, 5-январь, 2020-жыл.

Хорватияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында солчул Зоран Миланович азыркы мамлекет башчы Колинда Грабар-Китаровичти жеңди. Бюллетендердин 99% саналып бүткөндө мурдагы премьер-министр Милановичке 53% добуш тийгени жарыяланды. Башкаруудагы оңчул-борборчул «Хорватиянын демократиялык биримдиги» партиясынын талапкери Грабар-Китарович добуштардын 47% алды. Партия 1991-жылдан бери үстөмдүк кылып келген.

Шайлоо Загреб Европа Биримдигинде төрагалык кыла баштаган кезде өттү. 2-январда өкмөт башчы Андрей Пленкович анын өлкөсү Албаниянын жана Түндүк Македониянын шаркетке мүчөлүгү боюнча процессти туңгуюктан чыгарууга аракет кыларын билдирди.

Франция жана Нидерланд сөз болгон эки өлкөнүн мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөргө каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG