Аба ырайы:
7-январда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…1;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-5, күндүз 4…6;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -19…-21, күндүз -9…-11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 2...4 градус болот.