Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Ала-Бука: Ак-Сай айылындагы чек арада чыр чыкканы айтылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-январда Ала-Бука районунун Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен Ак-Сай айылына караштуу Ак-Курча участкасында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Мындай маалыматты Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяс Рысдавлетов бышыктады. Мурдараак жергиликтүү тургундардын бири Сабыр Сейдакмат уулу өзбек чек арачылары аткан октон жеңил жарат алганын «Азаттыкка» билдирген.

- 8 өзбек чек арачысы Ак-Курча участкасында жүргөн 500дөн ашык 3 короо койду айдап баратканда айылдыктар чогулуп барганбыз. Ал учурда ортодо пикир келишпестик чыгып, өзбек чек арачылары тарабынан ок атылганда колума тийип, жеңил жарат алдым. Учурда чек арачылар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат, – деди Сейдакмат уулу.

Болжолдуу маалыматтарга караганда чырдын чыгышына такталбаган чек ара аймагына аксайлыктардын малынын кирип кетиши себеп болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы маалыматтын чын-төгүнү такталып жаткандыгын билдирди.

Өзбек тарап маалымат тарата элек. Ала-Бука району менен Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп саналып келатат. Былтыр 8-декабрда ал жерге өзбек чек арачылары мыйзамсыз киргени тууралуу видео Интернетте тараган. Өткөн айда эки тараптын чек арачылары жеринде сүйлөшүп, тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG