Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

БУУ Ливиядагы кырдаалды жабык карайт


Түркия Ливияга аскер жөнөтөрүн жарыялады.
Түркия Ливияга аскер жөнөтөрүн жарыялады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ливияга аскерлерди жөнөтүү башталганын билдирди. Контингент эл аралык коомчулук тааныган Триполидеги Улуттук биримдик өкмөтү менен макулдашуунун негизинде жайгаштырылмакчы.

Жекшемби күнкү теле эфирде Эрдоган Ливияда түрк армиясынын генералы жетектеген ыкчам борбор негизделерин, азырынча сөз согуштук аракеттерге катышуу тууралуу жүрбөгөнүн айтты.

Өткөн жумада түрк парламенти Ливияга аскерлерди жөнөтүүнү жактырган.

Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюму Ливиядагы кырдаалды жабык талкуулаганы турат. «Анкаранын аракеттери жаңжалдын курчушуна алып келет» деп кабатыр болгон Москва ушундай сунуш киргизген.

2011-жылы Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан кийин түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ички чыр-чатактар тынчыбай келатат.

Негизги тирешүү Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халиф Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүүдө. Президент Эрдогандын айтымында, Хафтардын тарабында 2 миңдей орусиялык жалданма аскерлер – Вагнердин жеке менчик компаниясынын жоокерлери согушуп жүрүшөт. Хафтар ошондой эле бир нече жолу Москвага барып кеткен. Бирок орус бийлиги генералды колдоп жатканы тууралуу маалыматты бышыктабайт.

XS
SM
MD
LG