Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Январдын соңунда «Ак-Жол автожол» өткөрүү жайын жаңылоо башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы «Ак-Жол автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайын жаңылоо иштери январдын аягында башталат.

6-январда кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган жайды модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Расмий маалыматта премьер-министр курулуш тез жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырганы айтылганы менен, ал качан аягына чыгары тууралуу кабар берилген жок.

Өкмөт оңдоп-түзөө иштеринен соң көзөмөл-өткөрүү жайынын заманбап талаптарга жооп берген иштөө мүмкүнчүлүктөрү үч эсе жогорулайт деп убада берүүдө.

Реконструкциялоо иштерине байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» – «Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекеттери жабылары декабрда кабарланган.

Эки өлкө ортосунда 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер.

XS
SM
MD
LG