Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:16

Арменияда премьер тууралуу жалган маалымат жазган киши кармалды


Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы тараткан видеодон кадр. 5-январь, 2020-жыл.
Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы тараткан видеодон кадр. 5-январь, 2020-жыл.

Арменияда «премьер-министр Никол Пашинян АКШ президенти Дональд Трампты ирандык генералдын өлтүрүлүшү менен куттуктады» деген «Фейсбуктагы» постко байланыштуу бир киши кармалды.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы башка бирөөнүн атына ачылган баракча аркылуу жалган маалымат тараткан жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирген адамдарды аныкташканын 5-январда билдирди.

«Пашинян Трампты» куттуктады деген пост 3-январда Ирандын «Кудс» тандалма аскерлеринин кол башчысы генерал Касем Сулеймани америкалык авиациянын соккусунан курман болгондон кийин жарыяланган.

Армениянын атайын кызматы ал пост Азербайжан менен Ирандын маалымат каражаттарында сөз болгонун белгиледи. Жалган маалымат боюнча кылмыш иши козголду. Бирок кармалган шектүү адамдын аты-жөнү айтылган жок. Коопсуздук кызматы тараткан видеодо ал киши жалган баракчаны 2018-жылы түзгөнүн, Пашинян жөнүндө туура эмес маалымат таратканын моюнга алды.

Премьер «Фейсбуктагы» баракчасына жогоруда сөз болгон кабарды «жалган» деп четке какты. Жетекчи ошондой эле Тегеран менен Вашингтонду Сулейманинин киши колдуу болушунан кийин кырдаалдын чыңалышына байланыштуу сабырдуу болууга чакырды.

Армения эки өлкө менен тең жакшы мамиледе болуп келатат.

XS
SM
MD
LG