Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Ошто мал уурдагандардын үй камагына чыгарылышы талкуу жаратты


Ош шаардык соту.
Ош шаардык соту.

Ош шаарында мал уурдагандардын үй камагына чыгарылышы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.

Шаардык ички иштер башкармалыгы 4-январда мал уурдаган топту кармаган. Шаардык сот алардын бөгөт чарасын карап, экөөнү камакта калтырып, калган экөөнү үй камагына чыгарган.

Соттун чечими соцтармактын колдонучуулары тарабынан талкууга алынууда. Алардын бири Мимоза Жанибек кызы «Фейсбукта» эки шектүүнүн үй камагына чыгарылышын сынга алган.

«Ууруларды милиция кармап келсе, сот аны оңой эле үй камагына чыгарып жибергени кандай? Бул жерде бир «мандем» бар окшойт. Үй камагына чыккан адамдын бирөө мурда да соттолгон. Кылмышкерлер кармала берсин, соттор үй камагы демиш болуп баарын чыгаргыла!» - деп жазган Жаныбек кызы.

Облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Азаттыкка» билдиргендей, иш «анча оор эмес кылмыш» деп табылгандыктан камакка алууга мыйзам жол бербейт. Бирок эки шектүүнүн өздүгү аныкталбагандыктан сот аларды камакта калтырууну чечкен.

- Эки шектүүнүн өздүгү аныкталып, туруктуу жашаган жери бар болгону эске алынып үй камагына алынсын деген чечим чыккан. Камакка алуу кылмышка беш жылдан ашык эркиндигинен ажыратуу жаза мөөнөтү каралганда тандалып алынат. Аталган айып боюнча эң жогорку жаза - беш жыл, - деди Осмонкулов.

Төрт адам Ноокат районунан 10 жылкыны уурдап, жүк ташуучу автоунаага жүктөп Чүй облусуна алып бара жаткан жеринен кармалган. Ош милициясы алар малды сатууга камынып жатканы тууралуу маалымат тараткан. Алардын үчөө мурда соттолуп чыкканы кабарланган. (DU)

XS
SM
MD
LG