Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Өзбекстанда өкмөт башчыны Либерал-демократтар партиясы сунуш кылат


Шайлоо кутусуна тартылган Өзбекстандын герби.
Шайлоо кутусуна тартылган Өзбекстандын герби.

Өзбекстанда өкмөт башчынын талапкерлигин жаңы шайланган парламенттеги Либерал-демократтар партиясы көрсөтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаламов «Телеграмдагы» каналында маалымдады.

5-январда Өзбекстандагы 25 шайлоо бекетинде Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасына кайтадан добуш берүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Махмуд Истамовдун айтымында, кайта добуш берүүдө шайлоочулардын тизмесиндеги үч миллиондон ашуун жарандын эки миллионго жакыны катышты.

Адилет министрлиги билдиргендей, кайталап добуш берүү жараянынан соң Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын орду толук бөлүштүрүлдү. Саясий партиялардын парламенттеги орду төмөнкүчө болду:

  • Өзбекстан Либерал-демократтар партиясы - 53 (35%)
  • «Улуттук кайра жаралуу» партиясы - 36 (24%)
  • «Адилет» СДП - 24 (16%)
  • Элдик демократиялык партиясы - 22 (15%)
  • Экология партиясы - 15 (10%)

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери алгачкы парламенттик шайлоо 2019-жылдын 22-декабрында өттү.

Парламенттеги орундар үчүн мыйзам чыгаруу органында отурган беш партия ат салышты. Бешөө тең президент Мирзиёевди колдошот.

Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Мирзо-Улукбек Абдусаломов шайлоодо оппозициялык партиялардын ролу жетишсиз экенин белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG