Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

«Ата Мекен» партиясы курултай өткөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Ата Мекен» партиясы курултай өткөрүп, түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, март айына белгиленген курултайда бир катар өзгөрүүлөр күтүлүп жатат.

- Акыркы беш жылда «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнө карата абдан катуу куугунтук жүрдү. Коомчулук кылмыш иши козголгон лидерлер боюнча гана партияга жасалган басымды билет. Иш жүзүндө мындай куугунтукка миңдеген адамдар туш болуп, айрымдар айла жоктон партиядан кетүүгө аргасыз болду. Жакынкы курултайда мүчөлөрүбүздү түгөлдөп, ким партияда калды, ким кетти, тактайлы деп жатабыз, - деди Текебаев.

Ошондой эле саясатчы курултайдын жүрүшүндө партиянын түзүмүнө «шайлоо кампаниясынын лидери» деген жаңы институт киргизилерин кошумчалады. Бул лидер шайлоодо партияны баштап барып, парламентте фракция лидери же коалициялык өкмөттү башкарууга талапкер болушу мүмкүн.

Текебаев өзү партия лидерлигин башкага өткөрүп береби деген суроого «аны убакыт көрсөтөт» деп жооп кайтарды.

«Ата Мекен» партиясынын алдыдагы курултайында апрель окуяларынын 10 жылдыгына карата да өзүнчө резолюция кабыл алуу күтүлүп жатат.

«Ата Мекен» партиясы - Кыргызстанда эгемендик алгандан бери эски партиялардын бири. Бул партиянын ичинде жакында жарака ачыкка чыгып, партиянын парламенттеги фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигин жарыя кылып, мандатын тапшырган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG