Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Касем Сулейманинин сөөгүн коюу жылып калды


Касем Сулейманинин тажыясына миңдеген адам келди.
Касем Сулейманинин тажыясына миңдеген адам келди.

Ирандын Керман шаарында «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн башчысы, таасирлүү генерал Касем Сулейманинин сөөгүн жерге берүү зыйнаты учурунда кеминде 40 адам тебелендиде калып каза тапты. Ага байланыштуу генералдын сөөгүн жерге берүү жылып калды. Касем Сулейманини акыркы сапарга узатууга миңдеген адам катышып жаткан.

Ага чейинки Тегеранда өткөн Сулеймани менен коштошуу иш-чарасына да миңдеген киши катышып, анда Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү дуба кылган.

Генерал 3-январда Ирактын Багдад шаарында аба майданынын жанында америкалык авиациянын соккусунан набыт болгон. Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине, алардын арасында маданий жайларга «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп опузалаган.

Вашингтон генерал Сулейманини Ирак менен Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.

Бул окуядан кийин Ирактын парламенти 5-январда америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгарууга үндөгөн резолюцияны колдоп добуш берген. Трамп болсо Иракка «мурда көрүп көрбөгөндөй» санкция киргизилерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG