Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Кыргыз-казак чек арасында машинелер кезекте турат


«Ак-Тилек» чек ара бекетинде казак тарапка кезек күтүп турган автоунаалар. Архивдик сүрөт. 10-апрель, 2019-жыл.
«Ак-Тилек» чек ара бекетинде казак тарапка кезек күтүп турган автоунаалар. Архивдик сүрөт. 10-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 100дөн ашык жүк ташуучу машиненин кезеги пайда болду. Бул тууралуу кезекке күбө болгондор кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай кезекке Казакстан тараптан текшерүү күчөгөнү күнүмдүк себеп болду.

Мамлекеттик чек ара кызматы мындай кезек бар экенин ырастап, бирок ага чек арачылардын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Аталган органдын басма сөз кызматы кабарлагандай, документи жайында машинелер эч тоскоолдуксуз коңшу өлкөнүн аймагына кирип жатышат.

Ошол эле кезде мамлекеттик органдардагы атын атагысы келбеген булак чек арадагы кезектин жаралышын себебин башкача түшүндүрдү. Андагы маалыматка ылайык, Казакстандын аймагы аркылуу өткөн жүк ташуучу автоунааларга коңшу өлкөлөр электрондук пломб талап кылып жатышат. Электрондук пломб менен жабдылбаган машинелер кайра чыгып, учурда кезек жаратууда. Буга кошумча Казакстандын күнүмдүк керектелчү товарларга транзит үчүн акыны жогорулатканы себеп болууда.

Учурда бул боюнча өкмөт жана Экономика министрлиги эч кандай комментарий бере элек.

Кыргыз-казак чек арасында бир нече жолу автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилип, мындай жагдай эки өлкө ортосундагы мамилеге таасирин тийгизген учурлар болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG