Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Свердлоу: Жарандык коомго басым жасалбашы керек


Борбор Азиядагы укук коргоо маселелери боюнча эксперт Стив Свердлоу Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам долбоору жөнүндө комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан постсоветтик чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдөн күчтүү жарандык коому менен айырмаланып турат.

- Күчтүү жарандык коомду колдош керек жана ага басым кылбаш керек. Кыргызстан азыр башынан оңой эмес учурду өткөрүп жатат. Коррупцияга каршы күрөш тууралуу акыркы талкууларда жарандык коомдун үнү абдан маанилүү жана алар алдыңкы позицияда болуп жатканын көрүүдөбүз. Жарандык активизм демократиянын өнүгүшүндө эң башкы роль ойнойт, - деди Свердлоу.

Ошондой эле укук коргоо уюмунун өкүлү акыркы учурда Кыргызстанда жарандык активисттерге басым кылуу аракети байкалып жатканын белгилеп, буга феминисттерди же коррупцияга каршы акцияга чыккандарды коркутууну мисал келтирди. Буга байланыштуу Стив Свердлоу өлкө бийлигин жарандык коомго көзөмөл кылууга каршы турууга чакырды.

Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш түшкөн. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов иштеп чыккан мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга алымча-кошумчалар кирет.

Иштелип чыккан долбоорго ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттендирилет. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG