Ош шаардык милициясы Өзгөн районунун Большевик айылынын 62 жаштагы тургуну, «Дудай» каймана аттуу жаранды баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармады.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматында кылмышка шектүү буга чейин да баңгизат сатуу менен алектенгендиги айтылат. Анын жашаган үйүн тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 4 килограмм нашаа жана сайлуу револьвер тапанчасы табылган.
Ыкчам иш-чара ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине баңгизат сатуу белгилери менен катталып, иликтөө иштери башталды.