Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Иран парламенти АКШ армиясын террорчуларга теңеди


Иран парламенти.
Иран парламенти.

Иранда парламент 7-январда Коргоо министрлигин баш кылып АКШ армиясын террорчу катары аныктаган мыйзам кабыл алды. Документке ылайык, ага генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө катышы бар деген америкалык аскер жетекчилери да кошулду. Парламент ошондой эле бийликти Сулеймани көзү тирүүсүндө башкарган Ислам революциясынын сакчылар корпусунун «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнө 200 миллион евро бөлүп берүүгө милдеттендирди.

Вашингтон Ислам революциясынын сакчылар корпусун былтыр апрель айынан тартып террорчул уюмдардын катарына кошкон.

Бүгүн, 7-январда Ирандын Керман шаарында Касем Сулейманинин сөөгү жерге берилди. Анын зыйнатына миңдеген адам катышты жана кеминде 30 киши тебелендиде калып өлгөнү кабарланды. Шаарда бул күн дем алыш деп жарыяланды.

Мунун алдында Тегеранда жүз миңдеген киши катышкан Сулеймани менен коштошуу иш-чарасы өткөн жана анда Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү дуба кылган.

Генерал 3-январда Ирактын Багдад шаарында аба майданынын жанында америкалык авиациянын соккусунан набыт болгон. Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине, алардын арасында маданий жайларга «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп опузалаган.

XS
SM
MD
LG