Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Лейлекте таштанды кабыл алган ишкана ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Кулунду айылында таштанды кабыл алган ишкана иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кулунду айылынын тургуну, ишкананын ээси Шайназар Пазылов билдирди.

Анын айтымында, ишкана желим шишенин 1 килограммын 7 сом, желим баштыкты 15 сомдон сатып алып жатат. Ишканада 4 жумушчу айылдыктар алып келген таштандыны иргеп, таңгактайт.

Бир апта ичинде айылдан 500 килограмм желим баштык жана желим шише, 30 тоннадай макулатура топтолгон. Ишкердин айтымында, чогултулган таштанды андан ары кайра иштетүүгө жиберилет. (MdN)

XS
SM
MD
LG