Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугуп, элдин арыз-муңун угушат.
«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрү жылына бир канча жолу шайлоочулар менен жеринде иш алып барууга милдеттүү. Парламентарийлер акыркы ирет ноябрда аймак кезип, иштешкен.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде алты фракциядан 120 депутат бар. Алар тогуз тармактык комитетте иштешет.