Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:46

TESS телескобу көлөмү Жер сыяктуу планета тапты


TOI 700 d.
TOI 700 d.

TESS космостук телескобу ааламдын жашоого ыңгайлуу аймагынан көлөмү Жердей болгон жаңы планетаны тапты. Бул тууралуу НАСА космостук агенттиги кабарлады.

TOI 700 d деп аталган планетага жетиш үчүн 100 жылдан ашуун убакыт кетет.

Жаңы табылга Жерден болжол менен 20% чоңураак жана кызыл эргежээл жылдызын 37 күндө айланып чыгат. Күн менен Жердин байланышы сыяктуу жылдыздардан 86% энергия алат. Аны окумуштуулар 11 ай изилдешти.

Терс жагы, планета жылдыздарга бир тарабы менен «карап турат».

TESS телескобу буга чейин TOI 700 b, c планеталарын тапкан, бирок алар жашоого ыңгайлуу аймакта эмес болчу.

Жашоого ыңгайлуу аймактагы планета жылдыздардан өтө алыс да, жакын да эмес аралыкта жайгашат. Мындай аралыктагы планеталарда суу болору айтылат.

  • TESS космостук телескобун "планеталардын аңчысы" деп да коюшат. Ал Жерге тете планеталарды издеп табуу максатында жасалган.

XS
SM
MD
LG