Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Иран АКШнын Ирактагы аскердик базаларына сокку урду


Иран койгон чабуулдан тартылган сүрөт.
Иран койгон чабуулдан тартылган сүрөт.

8-январда Иран баллистикалык ракета атып, Ирактагы бир канча аймакка сокку урду. Пентагон анын ичинде АКШнын аскерлери жайгашкан эки база бар экенин кабарлады.

Коргоо министрлигинин өкүлү Жонатан Хоффман «ракеталар Ирандан атылганы анык» деп билдирди. Анын айтымында, Айн-Асад жана Эрбиле аскердик базаларына сокку тийген.

Ирандын мамлекеттик телеканалы Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактагы америкалык базаларды аткылаганын маалымдады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришэм АКШ бийлиги чабуулдан кабардар экенин, президент тийиштүү адистер менен кеңешип жатканын «Твиттерге» жазды.

Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулаймани 3-январда Багдадда америкалык авиациянын соккусунан мерт болгон соң Тегеран менен Вашингтондун тиреши ого бетер курчуп кеткен.

Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине, алардын арасында маданий жайларга «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп опузалаган.

XS
SM
MD
LG