Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Иранда кулаган учактагылардын баары мерт болгону кабарланды


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Тегерандагы Имам Хомейни аэропортунда кулаган «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү украиналык учактагы кеминде 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү мерт болду. Бул тууралуу Ирандагы мамлекеттик каражаттарына таянып «Reuters» агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин Ирандын Чукул жардам кызматынын башчысы Пирхоссейн Куливанд «Учак күйүп жатат, бирок биз экипаж жөнөттүк... айрым жүргүнчүлөрдү сактап кала алабыз» деп билдирген эле.

Бирок кийинчерээк Куливанд «өрт катуу болгондуктан учакка куткаруучулар жакын бара албай жатканын» айтканын «Reuters» агенттиги кабарлады.

«Украинанын эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык аэропорттон учуп чыккандан көп өтпөй кулаган. Ирандын расмий жана жарым-жартылай расмий маалымат каражаттары кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG