Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Эрдоган менен Путин «Түрк агымы» куурун ачышат


Владимир Путин Стамбулдагы аэропортто. 8-январь, 2020-жыл.
Владимир Путин Стамбулдагы аэропортто. 8-январь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 8-январда Стамбулда «Түрк агымы» газ куурунун ачылышына катышмакчы. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган көптөн бери өлкөсүн энергетикалык хабга айлантууну көздөп келатат. Беш жылда курулган куурга 8 миллиард доллар жумшалды.

«Түрк агымы» Орусиядан Түркиянын батышына жылына 31,5 миллиард куб метр газ ташып турмакчы. Анын жарымы Балкан жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө багытталат. Долбоор - Москванын газды Украинаны кыйгап өтчү жолдор менен ташуу максатынын бир бөлүгү. Жакында «Түндүк агым - 2» долбоору АКШнын санкцияларынан улам токтоп калды.

Орусия былтыр Европага дээрлик 200 миллиард куб метр газ экспорттоду.

Президент Путин Түркияга Сириядан барды. Дамаскта ал президент Башар Асад менен жолугушкан.

XS
SM
MD
LG