Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Косоводо Сулейманини мактаган аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Косово полициясы чакан шиит жамаатынын жетекчиси, Призрен шаарынын тургунун кармады. Анын алдында Икбал Худути-Бериша ирандык генерал Касем Сулейманини кубаттап «Фейсбукка» пост жазган. Полициянын өкүлү ал 7-январда кармалганын, сот бөгөт чарасын карай турганын билдирди. Бирок эмне себептен кармалганын тактаган жок.

Худути-Бериша АКШнын Сулейманини өлтүрүшүн сындап, маркумду «улуу инсан» деп сыпаттаган. Ирандын тандалма «Кудс» күчтөрүнүн командачысы 3-январда Багдадда америкалык дрондун соккусунан мүрт кеткен.

Косовонун президенти Хашим Тачи жана премьер-министр Рамуш Харадинаж АКШнын ал кадамын колдошкон.

«АКШнын Ирандын Жакынкы Чыгыштагы аракеттерине кылган реакциясын колдойм. Тегерандын андай аракеттери терроризмдин жайлышына, туруктуулуктун бузулушуна алып келген», - деп жазган Тачи «Твиттерге».

XS
SM
MD
LG