Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:03

Иранда авиакырсыкта каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Тегеран аэропортунун жанында кулаган украиналык учакта каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги кырсыктан соң тактоо иштерин жүргүзгөн.

Бүгүн Тегерандагы Имам Хомейни аэропортунун жанында «Боинг 737-800» үлгүсүндөгү украиналык учак куланган. Анын ичиндеги кеминде 176 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү мерт болду. Кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн экени айтылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG