Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:07

Кыргызстандык беш спортчу быйыл Токиодо өтчү Олимпиадага жолдомо алды


Жолдомо алгандардын бири Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. 20-сентябрь, 2019-жыл.
Жолдомо алгандардын бири Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Былтыр кыргызстандык беш спортчу 2020-жылы Жапониянын борбору Токиодо өтчү Олимп оюндарына жолдомо алды. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева менен Дарья Маслова. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадага жалпысынан 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы кыргыз спортчулары жалпысынан 1306 медаль утушкан. Анын 442си алтын, 367 күмүш жана 497 коло медалдар. Жыл ичинде спорт агенттиги 1480 спортчуга 36 миллион 220 миң сом өлчөмүндө стипендия берген. ХХХII жайкы Олимпиада оюндары ушул жылдын 24-июлунда Токио шаарында башталат. Ага 205 мамлекеттен 12 миңден ашуун спортчу катышаары күтүлүүдө. (GT)

XS
SM
MD
LG