Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Башкы прокуратура депутат Бекешевге жооп берди


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин буга чейинки билдирүүлөрүнө жооп кайтарды. Мекеме тараткан маалыматта депутат банктагы каражатын декларацияда көрсөтпөй, мыйзам бузганы айтылат.

«Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты эллегендер адамдардын кирешеси, чыгышасы, милдеттери жана мүлкү жөнүндө» мыйзамды бузган. Ал банктагы каражатын көрсөткөн эмес», деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле прокуратура Мамлекеттик салык кызматынан декларациясы туура эмес толтурулган 70 депутат боюнча корутунду келип түшкөнүн билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратура анын мүлкү боюнча декларациянын негизинде текшерүү баштаганын билдирген. Ал декларацияны салык кызматкерлери туура эмес толтуруп койгонун жана аларды жоопко тартуу зарыл экенин айткан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG