Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Адвокат: 9-январда Атамбаевдин иши боюнча кезектеги сот отуруму болот


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кезектеги соту 9-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтөрүн анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Айыптоочулар буга чейин Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүүнү сунуш кылган жана ал канааттандырылган.

Адвокаттардын отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу тууралуу өтүнүчү четке кагылган.

Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу айыпталып жаткан Атамбаевге кийинчерээк Кой-Таштагы окуялар үчүн да айыптар кошулган.

Атамбаевди кармоо операциясында бир офицер курман болуп, жалпы жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам Ички иштер министрлигинин (ИИМ), 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар.

Кой-Таш окуяларына байланыштуу дагы бир катар саясатчылар күнөөлөнүп, айрымдары камакка алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG